• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жол көрсөтүүчү белгилер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда алгачкы жол көрсөтүчү белгилер орнотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол көрсөткүчтөрү Чүй проспектиси - Гоголь көчөсүнүн жана Чүй проспектиси - 7-Апрель көчөсүнүн кесилиштерине орнотулду.

"Жаңы белгилер атайын чагылдыруучу пленка менен капталган, анын аркасында белгилерди ар кандай аба ырайында көрүүгө болот. Белги үчүн фаралардын жарыгы жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

Жол көрсөтүүчү белгилер демөөрчүлөрдүн эсебинен Свердлов райондук администрациясынын колдоосу менен орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий