• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, зомбулуктун алдын алуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлери, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук, кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай уюштуруу зарылдыгы белгиленип, тийиштүү адистер өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий