• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош милициясы балдардын уурдалышы боюнча маалыматты төгүндөдү

Аймак 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында бир да бала дайынсыз жоголгон жок. Бул тууралуу шаардык ИИБден кабарлашты.

“Убактылуу адашып же үйдөн чыгып кеткен балдар ата-энесине кайтарылган”, - деп билдиришти милициядан.

Балдар жоголуп жана уурдалып жаткандыгы тууралуу билдирүү айрым социалдык түйүндөрдө жана WhatsApp тиркемесинде тараган. Аталган билдирүү чындыкка дал келбей тургандыгын милициядан кабарлашты.

Милициядан кошумчалашкандай, мындай жалган маалыматты айрым адамдар жашыруун ат менен социалдык тармак аркылуу таратып, эл арасында дүрбѳлѳң салууга аракет жасашууда.

Пикир

Оставить комментарий