• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суудагы лицейди инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүү 80 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 койка-орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80%-га аткарылды Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 100% бардык зарыл демонтаждык иштер, ички желдетүү, терезе блоктордун орнотуусу, бардык 3 кабаттын полдордун линолеум менен тѳшѳѳсү, такталарды каптоосу, дубалдардын жана астаналардын тушоосу, сырткы фасадтардын штукатуркасы жана скважинанын бургулоо иштери аяктады.

Учурда объектиде 51 адам иштеп жатат. Сырткы суу түтүктөрү жана канализация боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле санитардык приборлордун орнотуусу башталды.

Подряддык уюмга 10 млн сом чегерилген.

Пикир

Оставить комментарий