• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында милиция кызматкерлери отставкадагы капитан Турдалы Сулаймановду үйлүү кылышты

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Нарында милиция кызматкерлери отставкадагы капитан Турдалы Сулаймановду үйлүү кылышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-октябрда, Нарын облустук милициясынын начальниги А. Жумабековдун, ИИМнин отставкадагы ардагери Ш. Мамыровдун жана Нарын ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Кыдыкбаевдин катышуусунда Ат-Башы районундагы милициянын ардагерине салынган атайын үйдүн ачылышы болду.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгектенип, кийин ардактуу эс алууга чыккан ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы капитаны Турдалы Сулайманов азыркы учурда жардамга муктаж болуп жашай турган жери жок болгондугуна байланыштуу, ага көмөк көрсөтүү максатында 2021-жылдын 3-майында Ат-Башы РИИБнүн кезексиз өткөрүлгөн ыкчам кеңешмесинде чечим чыккан. Ага ылайык, Ат-Башы РИИБнин буга чейин курулуп бүтпөй калган имаратын убактылуу турак жай кылып куруп, кийин Ат-Башы РИИБнүн карамагындагы кызматтык турак жайы кылып калтыруу үчүн буйрук чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициянын билдирүүсүнө караганда, бул жерде үй салууга Ат-Башы айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 миң сом которулуп берилген. Мындан тышкары, Ат-Башы районундагы милициянын ардегерлери жана Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн.

Милиция кызматкерлеринин өз күчү менен салынган 2 бөлмөлүү үйдө бүгүнкү күнү ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы капитаны Турдалы Сулайманов жашап жатат.

"Ардагердин жашоосуна кайдыгер карабай, жардам берген Ат-Башы районундагы ИИОнун ардагерлерине жана Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлерине ак сакал карыябыз терең ыраазычылыгын билдирип келүүдө. Бул жагымдуу саамалыкка себепкер болуп, карыябызды кубанычка бөлөгөн милиция кызматкерлери ИИМдин буйругу менен “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары, “Кылмыш иликтөөгө 100 жыл” төш белгилери жана ардак грамоталар менен сыйланышты", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий