• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ош шаарында бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгү айтылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнь күнү Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, саламаттык сактоо тармагынын Ош шаарындагы координатору К. Ташболотов жана штабдын мүчөлөрү катышты, - деп билдирет ОШ мэриясынын басма сөз кызматы.

Вице-мэр бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүлүшү керектигин билдирди.

“Санитардык эрежелерди сактайлы. Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Зарылчылыгы жок болсо үйдө отуралы. Эл көп барган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Маршруттук каттамдарга, кафе-ресторандарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эл да бизге жардам берсе жылыш жакшы болмок. Эгер кырдаал курчуй турган болсо чектөөлөр кириши мүмкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт. Ал эми жыйындардын катышуучулары 30дан кем болушу жана санитардык эрежелерди сактоо менен өтүшү зарыл. Ошондой эле тургундарды коронавирустун кандай симптому жаралбасын тийиштүү адистерге кайрылууга чакырабыз”, - деди Шадыханов.

Ош шаарында 21-июлга карата коронавируска чалдыккандардын саны 54. Стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатат. Чалуу борборуна кайрылгандардын саны күнүнө 150-200гө экендигин адистер билдирди.

Учурда жугуштуу ооруларды алдын алуу стационарында 192 бейтап дарыланууда. Алардын 18и өтө оор абалда, 98и оор абалда, ал эми 76сы орто абалда. Бир суткада 17 бейтап жаткырылып, 28и айыгып чыкты. Эмдөө боюнча да ыкчам иштер жүрүп, медицина кызматкерлеринин 80 пайызы илетке карыш вакцина алган.

Пикир

Оставить комментарий