• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Баткенде инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы.

Аймактагы ишкерликти өнүктүрүү маселеси боюнча кеңештин жыйыны өтүп ага, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район-шаарлардын акимдери, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустун бардык шаар, райондорунда ушундай кеңешти түзүп, ошону менен ишкерлерге көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Андан тышкары, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облусундагы өкүлү Данияр Абдуллаев инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү болду.

Кеңешменин соңунда КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ар кыл тармактардын, логистикалык борборлордун, фармацевтика тармагынын жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган палатанын 12 жаңы мүчөсүнө сертификаттарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий