• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орхан Инандыны издөө Ош облусунун аймагында да жүрүп жатат — милиция

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө Ош облусунун аймагында да жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Милиция издөө салат” тактайчаларына Орхан Инандынын өзгөчө белгилери илинип, багыттамаларды таркатуу, калк арасында, жергиликтүү мекеме ишканаларга түшүндүрүү иш-чаралары жүгүзүлүүдө.

Андан сырткары, чек арага чектеш аймактарда жана чек арадан кирип-чыккан жарандар катуу көзөмөлгө алынууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий