• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Ала-Бука милициясы тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жол жана суу кырсыктарынын алдын алуу багытында бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери алыскы айылдарга чейин барып, малга тоют жыйноо учурунда тоо боорлорундагы жолдордо жүрүүдө этият болууга чакырышты. Ата-энелерге өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо жана алардын ар бир жасап жаткан иштерине көзөмөл кылуу керектиги айтылды.

Аптаптуу күндөрү суу кырсыктарын болтурбоо максатында район аймагындагы кооптуу участокторго эскертүү тактайчалары орнотулду.

Мындан сырткары, коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий