• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Афган согушунда көз жумган аскерлерди эскеришти

Аймак 0

Ош, 13.02.19. /Кабар/. Баткен шаарында кечээ, 12-февраль күнү Афган согушунда көз жумган аскерлерди эскерүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиргендей, Жеңиш паркында Совет жоокерлеринин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган эскерүү аземи болгон.

Иш-чара Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, алардын арбагына багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында концерттик программа менен уланган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев афган-ардагерлерди куттуктап, ардак грамоталарды жана медалдарды ыйгарган.

Баткенден Афганистанга 556 аскер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 26сы кайра кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий