• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө өрттөн 34 жаштагы аял жана эки жаш бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.19./Кабар/. Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынын Октябрь көчөсүндө жайгашкан кампа менен гараждан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 34 жаштагы А.М.Д., аттуу аял, 2 жана 10 жаштагы эки жаш бала каза болгон.

ӨКМден кабарлашкандай, учурда каза болгон аял балдардын энеси экендиги такталууда.

Тилсиз жоонун кесепетинен жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын жана гараждын чатыры күйүп кеткен.

Маалыматка ылайык, учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий