• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милициянын көчмө кабылдамасы жарандардан 367 кайрылуу кабыл алган

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаалары менен жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери алыскы айылдарга чейин барышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү багытында иштеп жатышат.
Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдама унаалары Жалал-Абад шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүндө бар. Кызматкерлер бул унаалар менен 25-май акыркы коңгуроо күнү да эл аралашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

2021-жылдын 4 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамалары 286 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 367 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен өз алдынча башкаруу органдарына 92, мамлекеттик органдарга 25 материал жиберилген. 163 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген. Ошондой эле 18 факты КЖБРге катталып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий