• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан каза болгондордун саны 5 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан каза болгондордун саны 5 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Camry менен MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 2 эркек, 1 аял жана бир бала каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий