• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон эки баатырдын ысымы өздөрү жашаган көчөлөргө ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон эки баатырдын ысымы өздөрү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө КР Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысмы ыйгарылды.

Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.

23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) президент тарабынан "Эрдик" медалы ыйгарылган.

Бул күнү Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы берилди. Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон.

20 жашында мекен чегинде курман болгон чек арачы Марат Ташмирзаев КР УКМКнын Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.

Баатырлардын ысмын ыйгаруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары,айылдаштары,кесиптештери катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө мекен үчүн жанын берген баатырлардын эч качан унутулбай тургандыгын айтып, алардын ата-энелерине, жакындарына көңүл айтты.

Пикир

Оставить комментарий