• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абадда мурдагы прокуратура кызматкери президент менен тааныштыгын айтып, жарандарды коркутуп жүргөн

Аймак 0


Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда пара талап кылуу фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери Т.Т.Т. кармалды.

Кармалган жаран мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып жана ошондой эле кара өзгөй максатты көздөп, өлкө башчысы, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышым бар деп жалган айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзүп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.

Айта кетсек, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алуу фактысы такталды.

Кармалган жаран алдамчылык жол менен айрым жарандарды 150 миң сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефон алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган. Ошондой эле Т.Т.Т. бир нече ирет алдамчылык жолу менен айдоочу күбөлүк алып берүүнү убадалап, жарандардан коп суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад облусундагы "Ички иштер министрлигине караштуу УНАА" мамлекеттик мекемесининин аймактык бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматы ээлеп турат.

"Азыркы учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды, өлкө башсынын, УКМК төрагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып алып коркутууга дуушар болгон жарандарды УКМКнын дарегине кайрылуунуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий