• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл районунун акими Кара-Ой айыл аймагынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кечээ, 17-февралда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл эли менен жолугушууга райондук мекеме жетекчилери да катышты.

Жолугушууда айыл аймактын тургундары тарабынан ар кандай көйгөйлөр, алардын ичинен жер маселеси, социалдык жана салык маселелери, ирригация маселеси, жайыт жана жеке жарандардын кайрылуулары көтөрүлдү. Айтылган маселелер боюнча тийиштүү район жетекчилерине, маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий