• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга акысыз эс алуу уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары жана “Ак жол” реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан, жалпы 120 бала калаадагы балдар ойноочу “Луна парк “ эс алуу жайында акысыз эс алышат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, саамалык шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун 2022-жылдын 21-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгүн өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык жүзөгө ашырылууда.

Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, каттоодо турган 120 бала 16-марттан 19-мартка чейин 4 күн бою аталган жайда акысыз ойноп, эс алууда.

Пикир

Оставить комментарий