• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Статком инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө эскерткич иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» 2021-жылдын 29-январындагы № 1 жана «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 КР пезидентинин жарлыктарын ишке ашыруу максатында Улуттук статистика комитети тарабынан инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы жана Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү ырым-жырымдарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө эскерткич иштелип чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлайт.

Эскерткичтин максаты - моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоо образын өздөштүрүүдө мамлекеттик кызматчылардын ролун күчөтүү, Кыргызстандагы элдердин маданияттарынын байлыгын, өзгөчөлүгүн жана биримдигин чагылдырган жалпы адамзат баалуулуктарды тутумуна тартуу, ошондой эле улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарды урматтоону калыптандыруу, КРнын жарандарынын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу кызыкчылыгында гана калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий