• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди. Мындай чечим бүгүн, 5-августта облусттук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, уруксат берүү менен бирге айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлөт.

“Райондор жана региондор аралык жүргунчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Бирок беткап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт”, - деп баса белгиледи Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий