• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында Швейцария өкмөтүнүн жаңы долбоорлору ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Швейцария өкмөтү тарабынан Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында жүзөгө ашырылып жаткан программаларды каржылоо кыскарбайт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу жана пландалган программалардын, долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Бангертер шаарда ишке ашыруу пландалган жаңы долбоорлор жана программалар тууралуу айтып берип, Швейцария өкмөтү тарабынан Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан программаларды каржылоо кыскарбай турганын белгиледи.

Жакынкы келечекте төмөнкү долбоорлорду ишке киргизүү пландаштырылууда:

- сууну пайдалануу, суу ресурстарын сактоо программасы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатуу боюнча уюштуруу иштери;

- кесипкөй кадрлардын жетишсиздигине байланышкан маселелерди чечүү, кесиптик-техникалык билим берүү тармагы аркылуу жаштардын билим сапатын жогорулатуу программасы.

Элчи ошондой эле шаардын алыскы кичи райондорун жана конуштарын кыдырып, Манас-Ата кичи районунда жайгашкан жатаканалар менен таанышканын билдирди. Ал аймактардагы жашоону жакшыртуу, тургундардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте керектүү колдоолор көрсөтүлөрүн кошумчалады.

“Келерки жылдын башынан тарта шаар четиндеги 4 жаңы конуштун жана Манас-Ата кичи районундагы бир катар жатаканалардын жашоочуларына колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте “Аракет” долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Чакан гранттардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуштала турган долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле аталган аймактарга жарандарды каттоо, кол өнөрчүлүккө үйрөтүү, ишке орноштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү маселелерине көңүл бурулат. Долбоор 4 жылга эсептелген жана анын негизги ыкмасы эч кимди көңүл сыртында калтырбоо”, - деди Бангертер.

Тараптар Ош шаарынын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий