• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө кыргыз милициясынын легендарлуу генералы Жапар Шабировдун айкели ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун айкели өзү туулган Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сарбагышев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев, Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, Шабировдун туугандары, кесиптештери, коомчулуктун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Салтанатта министрдин орун басары Урмамбетов катышуучуларды бул ачылыш менен куттуктап, милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун эмгеги баа жеткис экенин белгиледи.

"Жапар Шабировдун Кыргыз милициясына сиңирген эмгеги баа жеткис, анын басып өткөн өмүр жолу, өлкөбүздөгү коомдук тартипти сактоодогу опол-тоодой эмгеги ар бирибиздин эсибизде. Кыргыз милициясынын генералы Жапар Шабировдун ишмердүүлүгү менен биз баарыбыз сыймыктанабыз, агабыздын жаркын элеси муундан-муунга өтүп, келечек жаштарга үлгү болуп кала бермекчи, анын ысымы кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, тубөлүккө өчпөйт”,-деди Октябрь Урмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий