• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруу улантылууда

Билим 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Учурда Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча этап-этабы менен иштер жүргүзүлүп жатат, айрым сабактар ​​кыскартылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жогорку класстарда окуучулардын жылдык окуу жүктөмү 1 миң 20 саатты, кенже класстарда 660-700 саатты түзгөн.

“Азыр 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү процесси башталды. Ушундан улам жогорку класстын окуучуларынын жылдык окуу жүктөмү 850-880 саатка чейин азаят. Быйыл окуучулардын окуу жүктөмү сезилерлик азайтылган жок. Болгону диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргендигине байланыштуу адам жана коом дисциплинасы азайтылып, жана математика предмети 1 саатка кыскартылды”, - деди ал.

Ашымбаева кошумчалагандай, жаңы системаны ишке киргизүү боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий