• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР делегациясы Бакуда КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн кезектеги жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Кечээ, 12-октябрда Баку шаарында КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын комитетинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумга Азербайжанда аккредитацияланган аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Тажикистандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарынын делегациялары катышты.

Комитеттин ишине Кыргызстандын атынан КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев катышты.

Ал өз сөзүндө комитеттин мүчөлөрүнүн көңүлүн ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон чыр-чатакка буруп, Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыш маселелерин жана жаңжалдарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык чараларды колдонуу менен гана чечүү зарылдыгы жөнүндө өзгөрүлгүс принципти карманаарын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө делегация башчылары КМШ жоопкерчилик аймактарындагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалды, улуттук коопсуздуктун заманбап чакырыктарын жана коркунучтарын талдап, эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашып, КМШга мүчө-мамлекеттердин аскердик коопсуздук жаатындагы көп тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

КМШга мүчө-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын комитетинин отуруму маданий программа менен аяктап, анын жүрүшүндө Азербайжандын борборунун кооз жерлери менен таанышуу экскурсиясыуюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий