• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштады.

Белгилей кетсек, 15-августта бейтапкананын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө салтанаттуу түрдө узатышкан. Курагы 80ге келип калган кемпир дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип чыккан. Ал COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий