• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Билим берүү министрлигинде кыргыз-орус мектептеринин курулушу талкууланды

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында россиялык өнөктөштөр кура турган 9 билим берүү мекемесинин курулушуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Россия Федерациясынын делегациясы катышты.

РФ өкүлдөрү курулуштун техникалык деталдарына токтолушуп, мектептердин дизайны, инфраструктурасы бирдей болорун белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий