• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги министрдин кабыл алуусуна кантип жазылуу керектигин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин жетекчиси Гүлнара Баатырова ар жума күнү саат 09:00дөн 11:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, министр бүгүн дагы бир катар жарандарды кабыл алды. Алардын арасында улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Кайрылгандарга жөлөкпулдар, "Социалдык контракт" программасына катышуу, майыптыгы бар адамдарды колдоо жана башка маселелер боюнча кеңештер берилип, зарыл болгон учурда тиешелүү бөлүмдөргө ишке ашырууга өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, министрдин орун басарлары да жума сайын кабыл алууларды өткөрүп турушат.

"Министрге же депутаттарга жазылуу үчүн коомдук кабылдамага - 0312 66 01 07 телефону аркылуу кайрылуу керек", - деп айтылат маалыматта.

Министр Гүлнара Баатырованын жетекчилигинин алдында жана жеке катышуусу менен WhatsApp топтору түзүлүп, министр өзү жана орун басарлары, түзүмдүк-ведомстволук бөлүмдөрдүн, республика боюнча аймактык башкармалыктарынын жетекчилери соцтармактар аркылуу дагы суроолорго өз убагында жооп беришет.

Пикир

Оставить комментарий