• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уурулукка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бишкекте уурулукка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бирөөнүн мүлкүн уурдоого тиешеси бар 1999-жылы туулган К.А. кармалган, ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

2024-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө токтоп турган КаМаз үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз адамдар 50 миң сомдук телефонду уурдап кетишкен.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган.

ИИМдин ыкчам кызматынын кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган, ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал акыркы жолу ушул жылдын январь айында абактан чыгып, дароо эле «эски» ишин колго алган.

Кармалган жаран Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий