• 88.68
  • 95
  • 0.95

Майлуу-Сууда аял кишиге кол көтөрүп, денесине залал келтирген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Майлуу-Сууда аял кишиге кол көтөрүп, денесине залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык милициясына 42 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анда 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити кол көтөрүп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган райондон кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий