• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Кувейттин ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 1-мартта Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Кыскача баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды даярдоо боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз-кувейт мамилелерине дем берүү максатында жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий