• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Кыргызстанга иш сапары менен Шавкат Мирзиеев келет

Саясат 0

Бишкек, 04.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанга 5-6-сентябрда мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымына караганда, иш сапардын алкагында эки өлкө башчылары ортосунда тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуу пландалууда.

“Андан сырткары Шавкат Мирзиеев премьер-министр жана парламенттин төрагасы менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алкагында бир катар документтерге кол коюлат”,-деди Субанкожоева.

Өзбекстан президентинин Кыргызстанга расмий визити (Ислам Каримов – ред) 2000-жылы болгон. Андан соң коңшу өлкөнүн президенти Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) иш сапарына келген болчу.

Пикир

Оставить комментарий