• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын президенти алгачкы сапарын Россияга жасагандыгынын себебин айтып берди

Саясат 0

Москва, 30.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков алгачкы сапарын Россияга жасаган себебин айтып берди.

Сапардын жыйынтыгы боюнча брифингде мамлекет башчы “башкача болушу мүмкүн эмес болчу, себеби Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү” экенин белгиледи.

“Сапар учурунда биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы актуалдуу маселелерди талкууладык. Ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы мындан аркы өз ара алакалардын келечеги талкууланды”, - деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ага Россиянын президенти Владимир Путинге I даражадагы “Манас” орденин тапшырганын билдирди.

“Делегация жылуу кабыл алынды. Биз талкуулаган бардык маселелер чечилет. Владимир Владимирович буга чейинки көрсөтүлгөн колдоо уланарын билдирди”, - деп кошумчалады Кыргызстандын президенти.

Белгилей кетсек, Россияга иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков РФ президенти Владимир Путин жана РФ өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий