• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте форумдун алкагында IT тармагындагы кыздардын ролу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бишкекте I Республикалык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун алкагында “IT тармагындагы кыздардын ролу” темасында тренинг өткөрүлдү. Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, форум Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан демилгеленген.

Ага IT багыты боюнча окуган студент кыздар жана санариптик технологияларга кызыккан студенттер катышты. Ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик мекемеси "Инфоком" DCASA-КР долбоорунун өкүлдөрү, GEEKS программисттер клубунун резиденттери, ошондой эле өлкөдөгү уюлдук байланыш операторлорунун жетектөөчү IT-адистери өздөрүнүн презентациялары менен катышты.

Анда студент кыздарга мамлекеттик башкаруу системасында жаңы санариптик технологиялар жөнүндө кеңири маалымат берилип, иш-чаранын жыйынтыгында активдүү студенттер баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий