• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош облусунда акыркы жети күндө мас абалда унаа башкарган 12 айдоочу кармалган

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 21-апрелден 13-майга чейинки аралыкта облус аймагындагы калктуу конуштарда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн кайгуулдар уюштурулуп, кызматкерлер бөлүнгөн аймактарда иш алып барышууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кайгуул-күзөт иштерине Ош ОИИБдин Борбордук аппаратынын, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун №3-батальонунун, Ички аскерлердин №703 аскер бөлүгүнүн жана ИИМдин Ош ОИИБ боюнча Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды.

"Аталган иш-чаранын максаты алдыда келе жаткан май айындагы майрамдарды өткөрүүдө Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо кызматкерлер тарабынан калк арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштерин, укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо ошондой эле, бөгөт коюу боюнча чараларды жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды алып барышат.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан изи сууй электе алдамчылык боюнча 4 кылмыш ишинин бети ачылган жана кылмышка шектүү катары кошуна мамлекеттин 2 жараны кармалган. Бул кылмышка шектүүлѳр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпысынан 30 миң сомго жакын зыян келтиришкен. Учурда кылмыш иши козголуп тергѳѳ амалдары улантылууда.

Ошондой эле 21-апрелден 28-апрелге чейинки мезгилде 225 кылмыш катталып, 178 кылмыштын бети ачылган, 9 кылмыш изи сууй электе ачылган. Милиция кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар боюнча 1234 протокол түзүлгѳн. Кѳчмѳ кабылдама автонунаалары менен атайын графиктин негизинде 40 жолу алыскы айылдарга чыгуулар уюштурулган. Кѳчмѳ кабылдамага 105 жаран ар түрдүү маселе боюнча кайрылып, жарандардан 68 арыз кабыл алынган. Анын ичинен 43 арыз жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарына жѳнѳтүлгѳн. Ал эми 15 арыз райондук админстрацияларга тапшырылган. 43 жаранга юридикалык жардам кѳрсѳтүлгѳн.

Жол кыймыл эрежесин бузгандыгы үчүн 2161 административдик протокол түзүлгѳн. Алардын ичинен мас абалда автоунаа айдап жүргѳндүгү үчүн 12 айдоочу кармалган. Тийиштүү документтери жок болгондуктан 35 автоунаа айып короого киргизилип, 8 автоунаа кырсыгы катталган. Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча күчѳтүлгѳн кайгуулдар ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий