• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынды — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы өзүм билемдик менен орнотулган объектилер менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №6 кич районунда №15 үйдүн жанында өз ыктыяры менен 40 тонналык контейнер алынды. Патриса Лумумба көчөсүндө №161 үйдүн жанында күркө жана контейнер алынды. Үсөнбаев көчөсүндө желим буюмдарды кабыл алуучу жеңил типтеги объект демонтаждалды. Ошондой эле Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде тоок гриль жана шишкебек сатуучу эки түйүн алынды.

"Урматтуу шаардыктар өзүм билемдик менен орнотулган объектилерди өз ыктыяры менен алууну суранабыз. Эгерде талаптар аткарылбаса, башкармалык тийиштүү чараларды колдонууга аргасыз болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий