• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта Ооган ардагерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 32 жыл толду. Ооган согушуна катышып, кайтып келгенден кийин ички иштер органдарында 30 жылдын тегерегинде үзүрлүү эмгектенген 6 ардагер бүгүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул саамалыкка Сузак РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Эрнис Сатаров, Сузак РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакиров катышты. Өздүк курам алдында Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылып, алардын басып өткөн жолдору жаш кызматкерлерге чоң сабак экендиги белгиленди.

Өз кезегинде Ооган согушунун жана ИИОнун ардагерлери колдоо көрсөтүп, куттуктоо жолдоп жаткан РИИБдин жана Ардагерлер кеңешинин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий