• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 430га жетти

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-августка карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек - унаа жолу" көзөмөл өткөрүү пунттунда кезек күткөн унаалардын саны көбөйдү.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, саат 12:00гө карата чек арада 430га жакын унаа турат.

Кечээтен бери Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлдү.

Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат.

Эскерте кетсек, чек арадагы көйгөйгө байланыштуу КР Айыл чарба министрлигинин ирригация илим изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев Казакстандын бийлигине кайрылуу жасаган.

"Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Суу жок болсо силерге эмнени берели?", - деп жазган ал өзүнүн социалдык баракчасына.

Чортомбаев Кыргызстанда суунун аздыгы курч көйгөй жаратып жатканын, ошондуктан кыргыз тарап казак тарапка суу берүүнү токтотуп койгонун түшүндүргөн. Ошондой эле ал спутниктен Талас районундагы Киров суу сактагычынын сүрөттөрүн жарыялап, сөзүн факты түрүндө ырастаган.

Пикир

Оставить комментарий