• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/.Бүгүн, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин программасына ылайык, бүгүн спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтөт.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий