• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 22-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Эске салсак, бел боо күрөшү боюнча чемпионат 21-февраль күнү башталган. Чемпионатта күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча беттештер болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий