• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тогуз коргоол шахматка караганда логиканы көбүрөөк талап кылат - Чылымов

Спорт 0

Бишкек, 25.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тогуз коргоол шахматка караганда логиканы көбүрөөк талап кылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын Тогуз коргоол федерациясынын ардактуу президенти Абдисалим Чылымов билдирди.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошкон.

Чылымов тогуз коргоол шахматтан жогору тураарын коркпой айта аларын белгилейт.

"Алсак, шахматта тең чыгуу деген бар. Ал эми тогуз коргоолдо андай жок, жеңүүчү аныкталат. Ошондой эле шахматта бир логиканы карманып ойносо, тогуз коргоолдо үч бөлөк логика талап кылынат. Маселен, шахматта баштан-аяк бир падышаны коргоп ойнойсуң. Тогуз коргоолдо оюндун башында, ортосунда жана аягында кадамдар өзгөрүп, үч бөлөк ой жүгүртүш керек. Ушул жагынан жогору турат. Тогуз коргоол интеллектуалдык оюндардын туу чокусуна чыгат деп ойлойм", - деп айтат ал.

Чылымов кошумчалагандай, 1980-жылы тогуз коргоол командасын түзүү үчүн окуучулар табуу кыйын болгон.

"Ал учурда командада 3 улуу киши, бирөө мектеп окуучусу болушу керек деген шарт коюлган. Ошондо Ат-Башыдан мектеп окуучусу командага кошулган. Ал азыр Тогуз коргоол эл аралык федерациясынын президенти Камчыбек Касымов болчу. Биз тогуз коргоол боюнча республикалык, Азия боюнча мелдештер өткөрсөк деп кыялданчубуз. Кийин 1994-жылы Азия биринчилиги өттү, учурда жыл сайын Европада мелдештер өтүүдө. Айта кетчү нерсе, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол мелдешине 10, экинчи оюндарга 22, үчүнчүсүндө 34 өлкөдөн келишти", - дейт ал.

Тогуз коргоол эл аралык федерациясынын президенти Камчыбек Касымов учурда дүйнө жүзү боюнча расмий 56 өлкөдө тогуз коргоол оюну ойнолуп жатканын айтат.

"Шри-Ланка, Колумбия, Африканын бир катар өлкөлөрүндө тогуз коргоолдун такталарын өздөрү жасап жатат", - деди Касымов.

Пикир

Оставить комментарий