• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын Кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча Кубогу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш төртүнчү ирет өткөрүлүп, бул ирет Казакстандын 12 жолку чемпиону, Евразиялык лиганын жана Европа чемпиондор Кубогунун катышуучусу "Арман" командасы катышат.

Турнирге 8 команда катышат: Бишкек, Чүй облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, "Арман" (Павлодар, Казакстан).

Бардык беттештер Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 20-23 августта өтөт. Учурдагы Кубоктун ээси болуп "Жети-Өгүз" командасы эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий