• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Словениянын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын тышкы иштер министри Таня Файон менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда министрлер Кыргызстандын министрлер кабинети менен Словениянын өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

"Бул макулдашуу эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен кыргыз-словения ишканаларын түзүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин баштоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Андан соң министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарыл деген позицияны өзгөрүүсүз карманарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий