• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штутгартта Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын Экономика, эмгек жана туризм министрлигинин Стратегия, экономикалык укук, тышкы экономика жана Европа бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Юнг менен жолугушту.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 24-январда Штутгарт шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономиканын ар кайсы тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери, анын ичинде туризм жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берип, кызматташтыкты кеңейтүү максатында эки өлкөнүн экономикасынын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык потенциал тууралуу мындан аркы байланыштарды бекемдеп, үзгүлтүксүз маалымат алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий