• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Бишкекжарык" ишканасында 4,3 млн сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынган

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” мамлекеттик ишканасынын директорунун арызынын негизинде аталган ишканада бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2022-жылдын октябрь айынан баштап, 2023-жылдын апрель айына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын тышкы жарык берүү тармагынын ишин камсыз кылуу максатында даяр буюмдарды жасоо жана ордуларына орнотууга багытталган 4 млн 323 миң 450 сомдук товардык-материалдык баалуулуктар аталган мекеменин кампасынан жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий