• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Келечек" балдар реабилитациялык борбору кандай кызматтарды көрсөтөт?

Коом 0

Бишкек, 16.05.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Келечек" балдар реабилитациялык борбору кандай кызматтарды көрсөтөрүн эске салды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Реабилитациялык борбордун түзүмү стационардык жана күндүз болуу режиминен түзүлөт. Анын базасында төмөндөгүдөй бөлүмдөр бар:

- консультативдик-диагностикалык бөлүм;
- медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокерит терапиясы, дарылоо массажы, стоматологиялык дарылоо, ДФК);
- психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопедиялык жана дефектологиялык коррекция, психотерапия, колдун манжаларынын тактилдик стимулдаштыруучу массажы, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, Компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, арттерапия, музыкотерапия, сенсордук бөлмөнү колдонуу жана башка);
- административдик башкаруу бөлүмү.

Белгиленгендей, кабыл алуу МСЭКтин же майыптыгы бар бала жашаган жердеги жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлеринин сунуштамасына ылайык райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармаларынын жолдомосу боюнча (реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча) жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий