• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Ош облустук милициясынын башчысына эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду

Аймак 0


Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат деген маалымат тараган.

Бул кызуу талкууга алынып жаткан окуя 2023-жылдын 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталып, КР ИИМдин ИИКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБү тарабынан аталган окуя боюнча материалдар Ош ШИИБнын мааламаттардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жана ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил зат катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрү алынган. Андан сырткары, аталган көп кабаттуу үйдө орнотулган видеокамералардан видеодалилдер алынган.

Ош ОИИБнын окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерине карата соттук-медициналык экспертиза жана башка тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, аларды жана башка кошумча күбө адамдарды тактап, аларды суракка алуу үчүн Тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар жиберилди.

КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен КРнын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын айрым пункттарынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, башкача айтканда, кол алдында кызмат өтөгөн кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча жетиштүү деңгээлде тарбия иштеринин жана көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында Ош ОИИБдин жетекчи курамынын кызматкерлери пикир келишпестик менен өз ара мушташкан жоруктары коомчулукта талкууга алынып, ИИО кызматкерлеринин аброюна шек келтирилгендиги үчүн Ош ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилди.

Ал эми окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБнын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Алмаз Усеналиев жана Ош ОИИБнын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Салмоорбек Шералиев, Ош ОИИБдин башчысынын кадр иштери боюнча орун басары Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул окуя боюнча топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет.

"Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузган. Ички иштер министрлиги өздүк курамдын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумуна эч кандай сабырдуулук менен мамиле кылбайт. Бул ведомствонун ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилейт. Милиция кызматкерлеринин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле кылынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий