• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чикагодогу кыргызстандыктар UFC мушкери Оролбай уулу Мыктыбек менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу 22-ноябрда жана 23-ноябрда Чикагодо кыргыз жарандардын катышуусунда UFC мушкери Оролбай уулу Мыктыбек менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, башкы консул Болотбек Борбиев спортчуну UFCдеги алгачкы жеңиши менен куттуктап, анын профессионалдык карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалады, ошондой эле кыргызстандык спортчулардын дүйнөлүк аренадагы көрүнүктүү натыйжаларга жетишүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Оролбай уулу Мыктыбек Башкы консулга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын дүйнөлүк спорт ареналарында Кыргызстандын даңкын чыгарууга жана көрсөтүүгө болгон умтулуусун белгиледи.

Спортчу жалпы кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы спорттук бийиктиктерге жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий