• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштерин талкуулап 3 ай ичинде аткарган иштерине баа берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, ошондой эле аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн начальниктери катышты.

Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов ыкчам кеңешмеде жер-жерлердеги милиция кызматкерлеринин коопсуздукту сактоодо ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн, бети ачылбай калган кылмыштардын ачылышын, иш-кагаздарынын аткарылышын талкуулап, кетирилген кемчилдиктер боюнча катуу тапшырмаларды койду.

Криминалдык милиция багытында ар кандай кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн жарандарды башка кызматтар менен биргеликте чогуу иш алып барып колго түшүрүү, облус аймагындагы болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу багытында, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында бир топ профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жагын күчөтүүнү белгиледи.

Боронов калктын турмушуна социалдык жактан зыян келтирген кылмыштар өз учурунда ачылышын жетекчилерге катуу эскертти. "Кайрылган жарандардын арыздары өз убагында катталып, мыйзам чегинде чаралар көрүлсө, элде ишеним пайда болот. Ошондуктан ар бир кызматкерди эл менен тыгыз жана сылык мамиледе болууга чакырам”, - деди ал

Ошондой эле 28-ноябрь КР Жогорку Кеңешине шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, үгүт иштеринде мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө максатында облус аймагындагы милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде иш алып баруу жагы эскертилди.

9 айдын жыйынтыгы менен өз милдеттерине кайдыгер мамиле жасап, жумушун так аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий