• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында аялдардын шайлоого катышуусун кеңейтүү боюнча жыйын болду

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. 18-февралда Ош шаарында аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусун кеңейтүү жана аларды тартуу боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрүү долбоорунун алкагында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расулбек Кадыров, шаар жана облустардан келген активист аялдар, жергиликтүү кеңештердеги депутат айымдар катышты.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жыйындын максаты 2021-жылдын жергиликтүү шайлоого жергиликтүү жамааттардын, анын ичинен айымдардын, катышуусун жогорулатуу экендигин белгилеп, 30% айымдардын шайлоого катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүүгө чакырды.

Кыргызстан боюнча бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 31и шаардык жана 453 айылдык кеңештер.

Жергиликтүү кеңештерде республика боюнча бардыгы 8 722 мандат. Анын ичинен: эркектер – 7 783 (89,2%), ялдар – 933 (10,8%).

Жыйын бүгүн, 19-февралда да уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий