• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балта менен коркутушкан. Кызыл-Кыяда каракчылык кылган эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-февралында саат 22:30дар чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 72 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш 25-30 жаштагы эки жигит кирип, чөнтөгүндөгү 3,5 миң сомун тартып алышкан. Алар карыяны балта менен күч колдонуп коркутуп, урушкан.

Аталган факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Атайын жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Араван районунун Төө-Моюн айылынын 23 жаштагы С.Г. жана Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы И.А. аттуу тургундары кармалган. Шектүүлөрдүн биринчиси буга чейин эки жолу сот жообуна тартылган, ал эми экинчиси мурда оор беренелер менен соттолгон.

"Кармалган эки жигит убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий