• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда аял кызганычтан улам бөтөлкөлөшүн сабап салган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Жайыл районунда аял кызганычтан улам бөтөлкөлөшүн сабап салган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБине 40 жаштагы Ставрополовка айылынын туругуну арыз менен кайрылган. Себеби анын 34 жаштагы Б.А. аттуу карындашын белгисиз адамдар ошол эле айылдан уур-токмокко алып, андан соң суу жегине тыштап кеткендигин билдирген. Натыйжасныда анын карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык оруканага жеткирилген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Материал боюнча баардык экспертизалар дайындлын анын жыйынтыгы 2021-жылдын январь айындан дайын болуп, ага ылайк жабырлануу оор жаракат алынганы белгилүү болгон. Сотко чейинки иш өндүрүшүндө мурун катталган кылмыш иши КР Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) которулган.

Жайыл РИИБнин кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-аракетинин негизинде бул кылмышка шектүү делип мурун оор кылмыш менен соттолгон 52 жаштагы У.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтын негизинде бул кылмыш эки аялдын мас абалындагы кызганычтын айынан пикир келиспештиктен болгондугу аныкталган.

Учурда тергөө иш амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий